> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда бир жумада 415 айдоочу мас абалында кармалды
- URL: https://im.kg/transport/2026/08/10/kyrgyzstanda-bir-zhumada-415-aidoochu-mas-abalynda-karmaldy/
- Published: 2026-08-10T07:54:56.000Z
- Updated: 2026-08-10T07:54:55.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Кыргызстанда 31-июлдан 6-августка чейин 28 753 жол кыймылынын эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.**

Алдын ала маалымат боюнча, бир жуманын ичинде тиешелүү документтери жок транспорт каражатын башкарган 4 502, мас абалында унаа башкарган 415 жана унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 207 айдоочу аныкталган.

> Мындан тышкары, транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу боюнча 4 582, белгиленген ылдамдык чегинен ашуу боюнча 1 567, жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежесин бузуу боюнча 841 факт катталган.

Ошондой эле автоээнбаштык боюнча 33, жасалма мамлекеттик номер менен транспорт каражатын башкаруу боюнча 8 факт аныкталган. Башка жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактыларынын саны 13 357ни түздү.

> Жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 241 транспорт каражаты убактылуу токтотуучу атайын жайларга киргизилди.

ЖКККББ айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана жолдогу коопсуздукка жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*