> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто К. Баялинов көчөсү жаңыланып, пайдаланууга берилди
- URL: https://im.kg/transport/2026/08/10/oshto-k-baialinov-kochosu-zhanylanyp-paidalanuuga-berildi/
- Published: 2026-08-10T08:09:19.000Z
- Updated: 2026-08-10T08:09:18.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Ош шаарындагы К. Баялинов көчөсүнүн курулуш иштери аяктап, пайдаланууга берилди. Көчөнү жаңылоо иштери мындан 1 ай мурда башталган.** 

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, курулуш иштеринин алкагында жолдун эки тарабына тротуарлар салынып, жашыл аймактар жана ирригациялык тармактар каралды. Ошондой эле автоунаалар үчүн токтотуучу жайлар уюштурулду.

> Жаңыланган көчөнүн ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык Кеңештин төрагасы Болотбек Баетов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Белгилей кетсек, К. Баялинов көчөсүндө мейманкана, банк жана мамлекеттик маанидеги бир катар объектилер жайгашкан.

> Көчөнү жаңылоо шаардык инфраструктураны жакшыртууга, жөө жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*