> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Арашан – Чуңкурчак унаа жолунда асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө
- URL: https://im.kg/transport/2026/08/11/arashan-chunkurchak-unaa-zholunda-asfalttyn-ekinchi-katmary-tosholuudo/
- Published: 2026-08-11T05:19:38.000Z
- Updated: 2026-08-11T05:19:38.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Чүй облусунда туристтик мааниге ээ Арашан – Чуңкурчак унаа жолунда курулуш иштери активдүү уланууда. Бул тууралуу "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.**

> *Маалыматка ылайык, жалпы узундугу 21,7 чакырымды түзгөн жолдун 16-20-чакырымдарында асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери жүргүзүлүүдө.*

Ошондой эле жол боюндагы тирөөч дубалдарды жана суу өткөрүүчү түтүкчөлөрдү орнотуу иштери толугу менен аяктаган. Мындан тышкары, эки көпүрөнүн курулушу бүттү.

> Учурда жолдун кооптуу тилкелеринде кыймылдын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жол белгилери жана темир тосмолор орнотулууда.

Белгиленгендей, Арашан – Чуңкурчак жолу — Чуңкурчактагы лыжа базаларына жана эс алуу жайларына алып баруучу негизги каттамдардын бири.

> Жол курулушу толугу менен аяктагандан кийин туристтик аймактарга жетүү кыйла ыңгайлуу жана коопсуз болуп, жолдун сапаты жакшырары белгиленди.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*