> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Фрунзе көчөсүнүн бир тилкесинде жол кыймылына чектөө киргизилди
- URL: https://im.kg/transport/2026/08/11/frunze-kochosunun-bir-tilkesinde-zhol-kyimylyna-chektoo-kirgizildi/
- Published: 2026-08-11T03:47:20.000Z
- Updated: 2026-08-11T03:47:19.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Транспорт

**Бүгүнтөн тарта Фрунзе көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.**

Маалыматка ылайык, бул иштер жолду жаңылоонун кезектеги баскычы. Буга чейин Фрунзе көчөсүнүн А. Сүйүмбаев көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки тилкесинде оңдоо иштеринин негизги бөлүгү аяктап, жол кыймылы кайра жанданган.

> Белгиленгендей, жолдун эски асфальт-бетон катмары алынат. Ошондой эле негизи бекемделип, инженердик тармактар оңдолот, жаңы асфальт төшөлүп, жол инфраструктурасы жаңыланат.

Жол тилкесинин жабылышы шаардагы унаа кыймылына мүмкүн болушунча аз таасир этүү максатында этап-этабы менен жүргүзүлүүдө.

> Мэрия айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү каттамдарын алдын ала пландап, убактылуу киргизилген жол кыймылынын өзгөрүүлөрүн эске алууга чакырды.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*