> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ара-Көл – Оро-Башы жолунун 5 чакырымы асфальтталууда
- URL: https://im.kg/transport/2026/08/12/ara-kol-oro-bashy-zholunun-5-chakyrymy-asfalttaluuda/
- Published: 2026-08-12T05:28:30.000Z
- Updated: 2026-08-12T05:28:30.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Нарын облусунун Кочкор районундагы Ара-Көл – Оро-Башы унаа жолунда асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 5 чакырымына асфальт-бетон төшөө каралган.

Учурда №955 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп, жолго асфальт-бетон аралашмасы төшөлүүдө.

> Ара-Көл – Оро-Башы жолу Кочкор районунун Чолпон айыл аймагындагы Ара-Көл жана Оро-Башы айылдарын байланыштырат.

Жумуштар аяктагандан кийин жол кыймылы жеңилдеп, транспорт каражаттарынын коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсүнө шарт түзүлөт.

Жол куруу жана оңдоо иштери Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин көзөмөлүндө.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*