> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектин бир катар конуштарында жолдор жаңыланууда
- URL: https://im.kg/transport/2026/08/12/bishkektin-bir-katar-konushtarynda-zholdor-zhanylanuuda/
- Published: 2026-08-12T10:38:48.000Z
- Updated: 2026-08-12T10:38:47.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаадагы жол инфраструктурасы жана спорттук объектилер боюнча жүргүзүлүп жаткан курулуш иштерин текшерди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.** 

Мэр Анкара көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн "Рухий-Мурас" конушундагы 8-көчөгө чейинки бөлүгүндө салынып жаткан тротуардын курулушу менен таанышты. Анын жалпы узундугу 1 чакырымды түзөт.

"Кара-Жыгач" конушундагы Шаты көчөсүндө 616 метр жол курулууда. Унаа жүрүүчү бөлүктүн туурасы 7 метрди түзүп, жолдун эки тарабына жалпы узундугу 924 метр тротуар куруу каралган.

Ал эми "Көк-Жар" конушундагы Күмүшалиева көчөсүндө узундугу 300 метрден ашкан жол курулуп жатат. Унаа жүрүүчү бөлүктүн туурасы 8 метрди түзөт.

> Мындан тышкары, Айбек Джунушалиев Куланов жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде салынып жаткан заманбап футбол комплексинин курулушун текшерди. Комплекстин негизги стадиону 6 700 көрүүчүгө ылайыкталып, FIFAнын III категориясынын талаптарына жооп берет. Ошондой эле 9 машыгуу талаасы жана 500 унаага ылайыкталган токтотуучу жай каралган.

Мэр жооптуу кызматтарга иштердин сапатын жана темпин көзөмөлдөөнү күчөтүп, жолдорго чектеш аймактарды комплекстүү көрктөндүрүүгө көңүл бурууну тапшырды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/1786527503.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/1786527508.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/1786527544.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/1786527552.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/1786527572.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/1786527666_large-1.jpeg)