> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте 11 көчөдө жол жана тротуарларды оңдоо иштери аяктады
- URL: https://im.kg/transport/2026/08/13/bishkekte-11-kochodo-zhol-zhana-trotuarlardy-ondoo-ishteri-aiaktady/
- Published: 2026-08-13T10:12:04.000Z
- Updated: 2026-08-13T10:12:03.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Бишкекте бир катар көчөлөрдө жолдорду, тротуарларды жана ирригациялык тармактарды оңдоо иштери аяктады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.**

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, учурда төмөнкү тилкелерде иштер бүткөрүлдү:

• Клинск көчөсү — Кахов көчөсүнөн Лущихин көчөсүнө чейин, 200 метр;  
• Левонев көчөсү — Айни көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин, 750 метр;  
• "Алтын-Ордо" конушу — Кадырбай-Ата көчөсүнөн Кадыра-Ата көчөсүнө чейин, 500 метр;  
• Мессарош көчөсү — Профсоюзная көчөсүнөн Аска-Таш көчөсүнө чейин, 500 метр;  
• Аска-Таш көчөсү — Мессарош көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин, 820 метр;  
• Аталышы жок көчө — Архитектурная көчөсүнөн Чүй көчөсүндөгү №16 дарекке чейин, 560 метр;  
• Москва көчөсү — Т. Молдо көчөсүнөн Манас проспектисине чейин, 630 метр;  
• Широкая көчөсү — Новосельская көчөсүнөн Керамическая көчөсүнө чейин, 650 метр;  
• Жибек Жолу проспектиси — К. Датка көчөсүнөн Будённый көчөсүнө чейин, 320 метр;  
• 7-кичи район — №16а/3 үйдөн №16а үйгө чейин, 100 метр;  
• Көк-Жар кичи району — №22/4 үйдөн №23/2 үйгө чейин, 80 метр.

> Аталган тилкелерде жолдор жана тротуарлар капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, тиешелүү жерлерге ирригациялык тармактар орнотулду.

Мэриядан борбор калаанын көчө-жол тармагын жакшыртуу жана өнүктүрүү иштери мындан ары да улантыларын билдиришти.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/1786611130.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/1786611137.jpeg)