> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте "жашыл" мобилдүүлүк боюнча жаңы долбоор ишке ашырылат
- URL: https://im.kg/transport/2026/08/13/bishkekte-zhashyl-mobilduuluk-boiuncha-zhany-dolboor-ishke-ashyrylat/
- Published: 2026-08-13T05:42:18.000Z
- Updated: 2026-08-13T05:42:17.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Бишкекте 2027-жылдан тартып пилоттук "жашыл" мобилдүүлүк коридорун түзүү пландалууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.**

11-августта мэрдин орун басары Рамиз Алиев Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Чжэн Ву менен жолугушту. Анда шаардык транспортту электрлештирүү долбоорунун учурдагы абалы жана аны мындан ары ишке ашыруу маселелери талкууланды.

> Тараптар 2027-жылдан тартып ишке ашыруу пландалган "жашыл" мобилдүүлүк коридорун түзүү боюнча "Компонент-3тү" жана автобус транспортунун туруктуу иштешине багытталган "Компонент-4тү" карап чыгышты. Учурда эки багыт боюнча тиешелүү документтер АӨБ менен биргеликте такталууда.

Чжэн Ву долбоорду 2029-жылга чейин узартуу пландалып жатканын билдирген. Бул жаңы компоненттерди жана башка каралган иш-чараларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.

> Мындан тышкары, АӨБ шаардык мобилдүүлүк боюнча жаңы долбоор даярдоону сунуштады. Бишкек мэриясы өз кезегинде күн энергиясын пайдалануу, анын ичинде шаардык инфраструктура объектилерине күн панелдерин орнотуу боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу сунушун берди.

Жыйынтыгында тараптар экологиялык таза транспортту, шаардык мобилдүүлүктү жана жашыл энергетиканы өнүктүрүү боюнча кызматташууну улантууну макулдашты.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/1786536725-1.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/1786536731.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/1786536850_large-1.jpeg)