> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди
- URL: https://im.kg/transport/2026/08/14/bishkekte-oor-zhuk-tashuuchu-unaalarga-chektoo-kirgizildi/
- Published: 2026-08-14T09:32:26.000Z
- Updated: 2026-08-14T09:32:26.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Бишкек шаардык мэриясы борбор калаада жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу унаалардын муниципалдык унаа жолдорунда жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилгенин эскертет.**

Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, чектөө 20-майдан 1-октябрга чейин, күн сайын саат 09:00дөн 19:00гө чейин, абанын температурасы +28 °C жана андан жогору болгон учурда күчүндө болот.

Бул чаралар жолдун асфальт-бетон жабуусун сактоо, анын мөөнөтүнөн мурда бузулушуна жол бербөө жана муниципалдык унаа жолдорунун пайдалануу мөөнөтүн узартуу, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

> *Бишкек шаарынын мэриясы оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын жана транспорттук компанияларды маршруттарды пландаштырууда белгиленген чектөөлөрдү эске алууга жана коюлган талаптарды сактоого чакырат.*

Чектөөлөр күчүндө болгон мезгилде оор жүк ташуучу транспорттун кыймылын мүмкүн болушунча аба ырайынын температуралык режимин эске алуу менен алдын ала пландаштырып, сапарларды белгиленген убакыттан тышкары аткаруу сунушталат.