> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарын – Оруктам жолунун 5,3 чакырымына асфальт төшөлдү
- URL: https://im.kg/transport/2026/08/14/naryn-oruktam-zholunun-5-3-chakyrymyna-asfalt-tosholdu/
- Published: 2026-08-14T11:47:36.000Z
- Updated: 2026-08-14T11:47:36.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Нарын облусунун Нарын районундагы Нарын – Оруктам унаа жолунун 9,45-15-чакырым аралыгындагы 5,3 чакырым жолго асфальт төшөө иштери аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, жумуштар №8 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан белгиленген графикке ылайык, сапат талаптарын сактоо менен аткарылды.

Жолдун бул бөлүгүнүн оңдолушу жергиликтүү тургундардын каттамын жеңилдетип, айылдар арасындагы транспорттук байланышты жакшыртууга шарт түзөт.

> Учурда Нарын облусунда жол инфраструктурасын жакшыртуу иштери уланууда. Калган тилкелерде жол куруу жана оңдоо жумуштары бекитилген планга ылайык жүргүзүлүп жатат.

Жол куруу иштеринин сапаты жана аткарылышы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин көзөмөлүндө.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/WhatsApp-Image-2026-08-14-at-16.46.04.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/WhatsApp-Image-2026-08-14-at-16.46.05-2.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/WhatsApp-Image-2026-08-14-at-16.46.07.jpeg)