> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ШКУ саммитине байланыштуу “Манас” аба майданында чектөө киргизилет
- URL: https://im.kg/transport/2026/08/15/shku-sammitine-bailanyshtuu-manas-aba-maidanynda-chektoo-kirgizilet/
- Published: 2026-08-15T06:34:02.000Z
- Updated: 2026-08-15T06:34:01.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**“Манас” эл аралык аба майданы 31-августта жана 1-сентябрда ШКУ саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу өзгөчө режимде иштейт. “Кыргызстан аэропорттору” ААК маалымдагандай, күндүз үзгүлтүксүз жүргүнчү каттамдарын кабыл алуу жана жөнөтүү убактылуу чектелет.**

Маалыматка ылайык, 31-августта чектөө саат 09:00дөн 20:00гө чейин күчүндө болот. Бул убакта аба майданы ШКУ саммитинин катышуучуларын жана расмий делегацияларды кабыл алат.

1-сентябрда жүргүнчү каттамдарына коюлган чектөө саат 10:00дөн 22:00гө чейин созулат.

Ошол эле учурда аба майдан толугу менен жабылбайт. Чектөө коюлбаган түнкү убакта жүргүнчү каттамдарын тейлөө улантылат.

> *Авиакомпанияларга айрым каттамдардын убактысын өзгөртүү, жеткиликтүү убакытка жылдыруу же зарыл болгон учурда токтотуу сунушталды.*

> *31-августта жана 1-сентябрда учууну пландаган жүргүнчүлөргө каттамынын статусун авиакомпаниядан алдын ала тактап, актуалдуу графикке көз салып туруу сунушталат. Учуп кетүү жана келүү убактысы өзгөрүшү мүмкүн.*

Убактылуу чектөөлөр эл аралык иш-чаралар учурунда коопсуздукту камсыз кылуу жана расмий делегацияларды кабыл алууну уюштуруу үчүн киргизилүүдө.