> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү
- URL: https://im.kg/transport/2026/08/16/bishkektegi-krasnodar-kochosu-ondop-tuzoodon-otkoruldu/
- Published: 2026-08-16T10:00:59.000Z
- Updated: 2026-08-16T10:00:58.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**13-августта Бишкек шаарынын Ленин районунда Краснодар көчөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш болду. Жаңыланган тилке Б. Алыкулов көчөсүнөн Тирасполь көчөсүнө чейинки аралыкты камтыйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.**

Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөөдөн өткөн жол тилкесинин узундугу 510 метрди түзөт. Капиталдык оңдоо иштерин “Су-4 Кара-Балта” ЖЧКсы подряддык уюму аткарды.

> *Иш-чарага Ленин районунун акиминин орун басары Жоомарт Токтосунов жана жергиликтүү тургундар катышты. Оңдоп-түзөө иштеринин алкагында жолдун асфальт-бетон жабуусу жаңыланып, тиешелүү иштер жүргүзүлдү. Бул көчөнүн абалын жакшыртып, тургундар жана жол кыймылынын катышуучулары үчүн ыңгайлуулукту жана коопсуздукту жогорулатууга шарт түзөт.*

Краснодар көчөсүнүн жаңыланышы Ленин районунда жол-транспорттук инфраструктураны жакшыртуу жана тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат.