> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолунда курулуш иштери уланууда
- URL: https://im.kg/transport/2026/08/17/balykchy-bokonbaev-karakol-zholunda-kurulush-ishteri-ulanuuda/
- Published: 2026-08-17T03:15:38.000Z
- Updated: 2026-08-17T03:15:37.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 0–141,6-чакырым аралыгындагы курулуш иштери тынымсыз уланууда.**

> *Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, учурда аталган жолдун 0–141,6-чакырым бөлүгүндө 5 башкы подрядчы жана 10дон ашык субподрядчы компания тарабынан курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө карата биринчи катмар асфальт-бетон төшөө иштери 125,620 чакырымда аткарылып, жалпы көлөмдүн 89%ын түздү.* 

Курулуш иштерине жалпысынан 978 жумушчу жана 402 даана атайын техника тартылган. Ошондой эле объектте 7 асфальт-бетон заводу жана 13 таш майдалоочу завод үзгүлтүксүз иш алып барууда.