> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кант – АБЗ жолу убактылуу жабылды
- URL: https://im.kg/transport/2026/08/17/kant-abz-zholu-ubaktyluu-zhabyldy/
- Published: 2026-08-17T04:34:49.000Z
- Updated: 2026-08-17T04:34:48.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Кант – АБЗ унаа жолунун 1–6-чакырым аралыгында жол куруу иштерине байланыштуу унаа кыймылы убактылуу чектелди.** 

> *Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, оор жүк ташуучу жана жеңил унаалар үчүн Кант шаарына өтүүчү айланма жол ачылды. Айдоочулардан жол белгилерине көңүл буруп, көрсөтүлгөн айланма жол аркылуу жүрүү сунушталат.* 

Жол тилкесинде жүргүзүлүп жаткан курулуш иштерине байланыштуу убактылуу ыңгайсыздыктар жаралышы мүмкүн.Министрлик айыл тургундарынан жана айдоочулардан түшүнүү менен мамиле кылып, жол кыймылынын коопсуздугун сактоону өтүнөт.