> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таластагы жолдордун курулушу текшерилди
- URL: https://im.kg/transport/2026/08/17/talastagy-zholdordun-kurulushu-teksherildi/
- Published: 2026-08-17T04:04:08.000Z
- Updated: 2026-08-17T04:04:08.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт

**Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Аскар уулу Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар жол объектилериндеги иштердин жүрүшүн жеринен текшерди.**

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, Суусамыр – Талас – Тараз жана Талас – Беш-Таш унаа жолдорунда аткарылып жаткан иштердин абалы каралды.

Мындан тышкары, “Чыңгыз Ааламы” жана “Манас-Ордо”тарыхый-маданий комплекстерине алып баруучу жолдорго көңүл бурулду. Тактап айтканда, “Чыңгыз Ааламы” комплексине кирүүчү жол, ошондой эле “Манас-Ордо” комплексинин кирме жана айланма жолдорунун курулушу текшерилди.

> *Ошондой эле Кировка – Гребень – Плотина унаа жолундагы иштердин жүрүшү каралып, аткарылып жаткан иштердин сапаты жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышы боюнча маалыматтар берилди.*

> *Жыйынтыгында министрдин орун басары жооптуу кызматкерлерге жана подрядчы уюмдардын өкүлдөрүнө иштердин сапатын камсыз кылуу, белгиленген мөөнөттөрдү так сактоо жана пландагы иштерди өз убагында аяктоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.*

Министрлик жол объектилериндеги иштердин сапатына жана белгиленген мөөнөттө аякташына көзөмөлдү улантат.