> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Asman Airlines авиакомпаниясынын авиапаркын кеңейтүүгө 5 млрд 836 миллион сомдон бөлүндү
- URL: https://im.kg/transport/2026/10/07/asman-airlines-aviakompaniiasynyn-aviaparkyn-keneituugo-b5-mlrd-836-million-somdon-bolundu/
- Published: 2026-10-07T12:02:13.000Z
- Updated: 2026-10-07T12:29:30.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Asman Airlines авиакомпаниясынын авиапаркын кеңейтүүгө быйыл 5 млрд 836 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 7-октябрда Жарандык авиация күнүнө арналган иш-чаранын алкагында “Манас” эл аралык аэропортунда түзүлгөн жаңы шарттар менен таанышып жатып айтты.**

> “Биз аэропортторду жаңылоо менен Кыргызстандын авиациялык системасын жаңылап жатабыз. “Манас” эл аралык аэропортунда аэродромдун элементтери жаңыланып, жарык берүүчү система модернизацияланды. “Манас-2” аэробекет комплекси толугу менен реконструкцияланды. Биздин авиапарк да жаңыланууда. Asman Airlines авиакомпаниясынын авиапаркын кеңейтүүгө быйыл 5 млрд 836 млн сомдон ашык каражат бөлүндү. Биз улуттук авиакомпаниябыздын атаандаштыкка жөндөмдүү болушун каалайбыз. Бул тапта мамлекет Airbus 321 үлгүсүндөгү эки учак сатып алат. Максат – кыргыз авиакомпаниялары дүйнөнүн алдыңкы багыттарына коопсуз, сапаттуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү кызмат көрсөтө ала турган деңгээлге жетүү”, - деди Адылбек Касымалиев.

Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы 2024-жылы 27-сентябрдан баштап өлкөнүн ичинде бардык багыттар боюнча ички каттамдарды аткара баштаган. Талас, Нарын, Караколго аба каттамдары ачылган.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**