> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын аэропорттору былтыр 6 млн ашуун жүргүнчүнү тейледи
- URL: https://im.kg/transport/2026/10/07/kyrgyzstandyn-aeroporttoru-byltyr-6-mln-ashuun-zhurgunchunu-teiledi/
- Published: 2026-10-07T11:06:52.000Z
- Updated: 2026-10-07T11:06:52.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Кыргызстанда жарандык авиация өлкөнүн транспорттук жана социалдык инфраструктурасынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Жыл сайын 7- октябрда Жарандык авиация күнү белгиленет. Бүгүн Улуттук статистика комитети аталган тармактын майрамын утурлай, алардын ишин цифралар менен чагылдырып берди.**

> Билдирүүгө карата бүгүнкү күндө “Кыргызстандын аэропорттору” ААКсынын курамында **11 аэропорт бар**. Анын ичинен 6сы эл аралык, **5өө аймактык** аэропорт болуп саналат. 2025-жылы Кыргызстандын аэропорттору **6 млн ашык** жүргүнчүгө кызмат көрсөткөн.

2025-жылы **“Манас” эл аралык аэропорту** жана өлкөнүн башка аймактык аэропорттору өлкөдөгү бардык аэропортторду башкарган бирдиктүү мамлекеттик корпорация - “Кыргызстандын аэропорттору” ААКсынын курамына бириктирилген.

**Кыргызстандын башкы аба дарбазасы** – “Манас” эл аралык аэропорту болуп саналат. Ал эл аралык жана ички каттамдарды тейлейт, учактардын бардык түрүн кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле аэропорт аймактагы эң узун асфальтталган учуу-конуу тилкелеринин бирине ээ.

**“Манас” эл аралык аэропортунун түзүмүнө -** Ош, Ысык-Көл, Каракол жана Баткен аэропорттору кирет. Ал эми Жалал-Абад, Исфана, Кербен, Казарман, Нарын жана Талас аэропорттору аймактык филиалдар катары иштеп, ички каттамдарды тейлейт.

Мындан тышкары, **2025-жылы** улуттук авиакомпаниялардын каттамдары менен **1,8 млн жүргүнчү ташылган**. Анын ичинен **42%** эл аралык, **58%** ички каттамдарга туура келген.