> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Автоунаасынан зыяндуу заттарды чыгаргандарга 68 миң сом айып салынды
- URL: https://im.kg/transport/2026/10/09/avtounaasynan-zyianduu-zattardy-chygargandarga-68-min-som-aiyp-salyndy/
- Published: 2026-10-09T03:35:55.000Z
- Updated: 2026-10-09T03:35:55.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Москва райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирге автоунааларды пайдаланууда экологиялык талаптардын бузулушун аныктоо максатында рейд жүргүзүштү.**

> Аталган министрликтин билдирүүсүнө караганда, рейддин жүрүшүндө Чүйдө автотранспорттон зыяндуу заттарды ашык чыгарган **7 факты аныкталып,** жалпы **68 миң сом** айып салынды.

Текшерүүнүн негизинде, зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруу көлөмү белгиленген ченемдерден ашкан транспорт каражаттарын пайдалануу фактылары аныкталган. Ушудан улам, Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, жалпы суммасы 68 000 сомду түзгөн **7 административдик протокол түзүлдү.**

Көзөмөл иш-чаралары экологиялык талаптардын сакталышын камсыз кылууга, зыяндуу заттардын ашыкча бөлүнүп чыгышына жол бербөөгө жана атмосфералык абанын сапатын жакшыртууга багытталган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/10/3d2c6921-de05-4021-b96a-b229d28f9777.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/10/be316996-6e7e-4503-b751-b88d99cb3d05.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/10/88273599-b806-49c9-a5c3-ead92c785ea0.jpg)