> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекет жылына 1,850 миллион тоннага чейин мунай продуктуларын керектейт
- URL: https://im.kg/transport/2026/10/27/mamleket-zhylyna-bolzhol-menen-1-850-million-tonnaga-cheiin-munai-produktularyn-kerekteit/
- Published: 2026-10-27T03:25:30.000Z
- Updated: 2026-10-27T04:55:02.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Мамлекет күйүүчү-майлоочу материалдарды ташыган компанияларга субсидия берүүнү улантууда. Бул тууралуу кечээ министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өткөргөн жыйында белгилүү болду.** 

> МинКабдын маалыматына ылайык, күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоо жана сатуу менен алектенген субъекттерге субсидияларды каржылоо үчүн республикалык бюджетте **11,389 млрд сомдон** ашуун каражат каралган. 

Бул сумманын **2,623 млрд сомдон** ашууну бүгүнкү күнгө чейин берилди. 

**Белгилей кетсек, субсидияларды берүү – 2026-жылдын 25-майынан тартып ишке аша баштаган жана ал 31-декабрга чейин уланат.* 

> "Бүгүнкү күнгө карата АИ-95, АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин, дизел отунунун, автомобиль отуну катары пайдаланылуучу суюлтулган газдын кору ушул жылдын аягына чейин жетиштүү", - деп жазылат өкмөттүн маалыматында. 

Жыйында бензин ташыган компаниялардын жаңы келишимдерди түзүүсүнө жана өлкөгө жеткирүүсүндө мамлекет тарабынан колдоо болуп жатканы айтылды. 

**Министрлер Кабинети койгон баалардын туруктуу сакталышы керектиги белгиленди.* 

Касымалиев отурумдун соңунда тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди. 

**Мамлекет жылына болжол менен* ***1,400 миллиондон 1,850 миллион тоннага** *чейин мунай продуктуларын (бензин, дизель жана суюлтулган газ) керектейт.*