> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чүйдө мамлекеттик унаа  лабораториясы ачылды
- URL: https://im.kg/transport/2026/11/09/chuido-mamlekettik-unaa-laboratoriiasy-achyldy/
- Published: 2026-11-09T05:50:24.000Z
- Updated: 2026-11-09T05:50:24.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Сокулук районунун Ак-Жол айылында №1 мамлекеттик сыноо лабораториясы ачылды. Бул тууралуу КРнын Президентинин Иш башкармалыганын билдирди.** 

> Билдирүүгө караганда, лаборатория заманбап жабдуулар менен камсыздалган. Бул жерде жеңил автоунаалар, оор жүк ташуучу унаалар жана атайын техника текшерилет. 

Экспертизанын жыйынтыгы боюнча транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу тууралуу күбөлүк (СБКТС) жана электрондук паспорт (ЭПТС) таризделет.

**Президенттин Жарлыгына ылайык, өлкө боюнча* ***беш мамлекеттик сыноо лабораториясы** *ишке киргизилген. Учурда алардын баары жарандарды кабыл алууда.*

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**