> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекеттик автомектептерге 70 жаңы автоунаа тапшырылды
- URL: https://im.kg/transport/2026/11/09/mamlekettik-avtomektepterge-70-zhany-avtounaa-tapshyryldy/
- Published: 2026-11-09T04:51:06.000Z
- Updated: 2026-11-09T04:51:06.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**КРнын Президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев 6-ноябрда Сокулук районунун Ак-Жол айылында мамлекеттик автомектептерге 70 жаңы автоунаанын ачкычын тапшырды.** 

> Маалыматка ылайык, автоунаалар "В" категориясы боюнча болочок айдоочулардын практикалык сабактарында колдонулат.

Каныбек Туманбаев автомектептердин материалдык-техникалык базасы чыңдалып, талаптарга жооп берген жаңы окуу имараттары жана автодромдор курулуп жатканын белгиледи. 

**Ош шаарында жаңы автодром ачылды, Бишкекте да жаңы автодром ачууга даярдык жүрүп жатат.*

Автомектептерде окуу 10 айга созулат. Даярдыгы жетиштүү курсанттарга төрт айдан кийин экзамен тапшырууга мүмкүнчүлүк берилет. 

> Туманбаевдин айтымында, төрт айдан кийин эле экзамен тапшыргандардын жарымы ийгиликтүү тапшырып жатат.

Экзамендин жүрүшү башынан аягына чейин аудио жана видеого жазылып, жасалма интеллект системасы аркылуу да көзөмөлдөнөт. 

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**