> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкөдө бир жумада 21 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды
- URL: https://im.kg/transport/2026/11/09/olkodo-bir-zhumada-21-minden-ashyk-zhol-erezhesin-buzuu-faktylary-anyktaldy/
- Published: 2026-11-09T08:41:46.000Z
- Updated: 2026-11-09T08:41:45.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Өлкө аймагында бир аптада, 30-октябрдан 5-ноябрга чейин 21 812 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Мындай маалыматты бүгүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы таратты.** 

**Алардын ичинен:**

- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - **632;**
- Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу - **368;**
- Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - **293;**
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - **538;**
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - **1 055;**
- Авто ээнбаштык - **26;**
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу - **924;**
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - **6;**
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – **15 582;**

> Билдирүүгө караганда, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн **2 388 авто унаа** убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**