> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда Беларусь тракторлорун жыйноо жана өндүрүүчү завод куруу пландалууда
- URL: https://im.kg/transport/2026/11/11/kyrgyzstanda-belarus-traktorlorun-zhyinoo-zhana-onduruuchu-zavod-kuruu-plandaluuda/
- Published: 2026-11-11T10:26:39.000Z
- Updated: 2026-11-11T10:26:38.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Кыргызстанда Беларусь тракторлорун жыйноо жана өндүрүүчү завод куруу пландалууда. Бул маселе 9-ноябрда Айыл чарба минстри Эрлист Акунбековдун Беларусь Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында Минск трактор заводунда (МТЗ) каралды.**

Эрлист Акунбеков Кыргызстанда машина-трактор паркын жаңылоо жана дыйкандарды жеткиликтүү техника менен камсыздоо артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп, жергиликтүү өндүрүш техниканын өздүк наркын жана жеткирүү чыгымдарын төмөндөтүүгө шарт түзөрүн айтты.

**Айыл чарба министрлигинин билдирүүсүнө караганда, акыркы беш жылда лизинг аркылуу дыйкандарга* ***36,8 млрд сомдук 13 миңден** *ашык айыл чарба техникасы берилген.*

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/891867554_1570855748410546_3598495509589458741_n-1-1.jpeg)

Мындан тышкары, "Белнефтехим" концерни менен продукция жеткирүү, "Ждановичи" агрокомбинаты менен жашылча жана сүт продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү багытында кызматташуу маселелери каралды. 

**Ошондой эле 10-ноябрда өткөн Кыргызстандын жана Беларустун аймактар аралык биринчи форумунун жыйынтыгында* ***алты** [***документке**](https://im.kg/biilik/2026/11/11/kyrgyz-belarus-birinchi-aimaktar-aralyk-forumunda-bir-katar-dokumentterge-kol-koiuldu/) *кол коюлду.*

Алар соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтыкты, **2027–2029-жылдарга** карата жол карталарын жана аймактар ортосунда боордоштук байланыштарды өнүктүрүүнү камтыйт.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**