> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек-Ош жолундагы рейдде  4 унаага айып пул салынды
- URL: https://im.kg/transport/2026/11/18/bishkek-osh-zholundagy-reidde-4-unaaga-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2026-11-18T05:31:53.000Z
- Updated: 2026-11-18T05:31:52.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Транспорт

**Ноокен районунун Кыпчак-Талаа айылынын аймагындагы Бишкек-Ош автожолунда унаалардан бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын көлөмү текшерилди. Бул тууралуу маалыматты Жаратылыш министрлиги таратты.** 

Рейддик иш-чара Жаратылыш министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте өткөрдү. 

> Маалыматка ылайык, анын жүрүшүндө жалпы **14 автоунаа** токтотулуп, алардын атмосферага бөлүп чыгарган зыяндуу газдары дымомердин жардамы менен текшерилди.

Жыйынтыгында **төрт автоунаадан** чыккан зыяндуу заттардын көрсөткүчү белгиленген ченемден ашканы аныкталды. Аталган фактылар боюнча укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык **төрт протокол** түзүлүп, жалпы **30 миң сом** айып пул салынды.

> **Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын** маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин республика боюнча автотранспорт каражаттарынын техникалык абалына жана атмосферага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын көлөмүнө көзөмөл [жүргүзүлгөн.](https://im.kg/koom/2026/11/11/bishkektegi-ysh-kaidan-chygat-zhana-any-kantip-azaituuga-bolot/)

> Анын жыйынтыгында **488 укук бузуу фактысы** катталып, жалпы суммасы **8 млн 172 миң 500 сомду** түзгөн айып пулдар салынган.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**