> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Оштогу унаа жолдун 55 километри реконструкцияланууда
- URL: https://im.kg/transport/2026/11/18/oshtogu-unaa-zholdun-55-kilometri-rekonstruktsiialanuuda/
- Published: 2026-11-18T10:48:38.000Z
- Updated: 2026-11-18T10:48:38.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа – Гүлчө автожолун реконструкциялоо иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты.** 

Долбоордун алкагында жолдун **55 чакырым** тилкесин жаңылоо каралган. Учурда жол тилкесинде жалпы жер жумуштары жүргүзүлүүдө. 

> Билдирүүдө айтылгандай, учурда жолдун туурасы **16 метрге** чейин кеңейтилди. Бүгүнкү күнгө карата **8 километр** тилкеге асфальттын биринчи катмары төшөлдү.

Долбоорго ылайык, жолго эки катмар асфальт төшөлөт. Биринчи катмардын калыңдыгы **9 сантиметрди**, экинчи катмардын калыңдыгы **6 сантиметрди** түзүп, асфальттын жалпы калыңдыгы **15 сантиметр** болот. 

Курулуш иштерине учурда **6 экскаватор, 22 самосвал, 6 жүктөгүч, 4 каток, 3 суу ташуучу унаа, 2 грейдер, 1 асфальт төшөөчү техника жана 1 манипулятор** тартылган. Ошондой эле **140ка** жакын жумушчу катышып, асфальт өндүрүү үчүн бир асфальт-бетон заводу иштеп жатат.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**