> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кытайда эл аралык логистикалык конференция өттү
- URL: https://im.kg/transport/2026/11/18/sooda-onor-zhai-palatasynyn-kytaidagy-okulu-el-aralyk-logistikalyk-konferentsiiaga-katyshty/
- Published: 2026-11-18T03:03:43.000Z
- Updated: 2026-11-18T03:03:43.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**КРнын Соода-өнөр жай палатасынын Кытайдагы өкүлү Эдилбек Эргешов "Логистикалык жабдуулар жана технологиялар экосистемасы – 2026" эл аралык конференциясына катышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.** 

Иш-чаранын жүрүшүндө Кытайдын алдыңкы транспорттук-логистикалык компаниялары кампаларды автоматташтыруу, роботтоштуруу, айдоочусуз электр транспортун колдонуу жана логистикалык процесстерди санариптештирүү боюнча заманбап чечимдерин тааныштырышты. 

> Маалым болгондой, анда мындай технологияларды киргизүү жеткирүү чыгымдарын **50%га** чейин кыскартууга мүмкүндүк берери белгиленди.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/910494382_1565495678930118_76427255058412772_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/911141504_1565495645596788_6985822975047991754_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/907841346_1565495662263453_4996170953176875237_n.jpg)

Конференцияга катышуу Кытайдын алдыңкы тажрыйбасын өздөштүрүү, кыргыз-кытай ишкердик кызматташтыгын кеңейтүү жана Кыргызстандын транспорттук-логистикалык инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө максатын көздөдү.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**