> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанга Түркмөнбашы эл аралык деңиз портун пайдаланууда жеңилдиктер болору айтылды
- URL: https://im.kg/transport/2026/11/20/turkmonbashy-el-aralyk-deniz-portun-kyrgyz-tarap-paidalana-alary-aityldy/
- Published: 2026-11-20T05:59:00.000Z
- Updated: 2026-11-20T05:58:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**19-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, транспорт жана байланыш комплексин тескеген Маммет Акмаммедов менен жолукту.** 

> Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар транспорт тармагы кыргыз-түркмөн күн тартибинде негизги орунду ээлей турганы жана аны өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциалдар бар экенин белгилешип бул тармакта кызматташуунун кенен чөйрөсүн талкуулашты. 

Эл аралык транспорттук каттамдардын кесилишинде стратегиялык орунду ээлеген Кыргыз Республикасы транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө, транзиттик коридорлорду диверсификациялоого жана мультимодалдык ташууларды кеңейтүүгө артыкчылык берет.

> "Эки өлкөнүн транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуураак пайдалануу жүк ташуу географиясын кеңейтүүгө, өз ара соода жүгүртүүнү арттырууга, ошондой эле Борбор Азиянын башка аймактар менен транспорттук байланышын бекемдөөгө өбөлгө түзөт деп ишенем", — деди Акунбеков. 

> Учурда стратегиялык мааниге ээ "Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жолу курулууда. Ал ишке берилсе "Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан–Түркмөнстан–Азербайжан–Европа" багыты боюнча жаңы мультимодалдык транспорттук коридорду түзүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат. 

Бул каттамды ишке ашыруу жүк агымын көбөйтүүгө, товарларды жеткирүү убактысын кыскартууга жана эл аралык ташуулардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берерин жана бул багытта тыгыз иштешүүнү тараптар баса белгилешти. 

> Сүйлөшүүдө Түркмөнбашы эл аралык деңиз портунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу маселеси көтөрүлдү. Кыргызстан Транскаспий эл аралык транспорт каттамы аркылуу жүк ташууларды уюштурууда бул портту кеңири колдонууга кыргыз тараптын кызыкдарлыгы айтылды.

Өз кезегинде Акмаммедов эки өлкө ортосундагы транспорт жана логистика тармагындагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Өзгөчө "Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жолу курулушун кубаттай турганын жана Түркмөнбашы эл аралык деңиз портунун кыргыз тараптын пайдалануусу үчүн жеңилдиктер болоорун билдирди. 

Ал эми бүгүнкү жолугушуунун жүрүшүндөгү сүйлөшүүлөр тиешелүү мекемелер ортосундагы практикалык кызматташтыгында уланып, биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өбөлгө түзөөрүн кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда, тараптар эл аралык жүк ташуу, логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана эки өлкөнүн транзиттик дараметин натыйжалуу пайдалануу жаатындагы кызматташтыкты күчөтүүнү макулдашты.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**