> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Гоголь көчөсүнүн 1,5 чакырымын  реконструкциялоо иштери аяктады
- URL: https://im.kg/transport/2026/11/22/gogol-kochosunun-1-5-chakyrymda-rekonstruktsiialoo-ishteri-aiaktady/
- Published: 2026-11-22T07:12:21.000Z
- Updated: 2026-11-22T07:14:37.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Бишкектин Гоголь көчөсүн реконструкциялоонун алкагында жол инфраструктурасын жаңылоо жана ага жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүү боюнча иштердин комплекси толугу менен аяктады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.** 

> Маалыматка караганда, Москва көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейинки узундугу **1,5 чакырымга** жакын тилкеде асфальт төшөлүп, жолдун жүрүүчү бөлүгү кеңейтилди. 

Ошондой эле жолдун эки тарабына тең унаа токтотуучу жайлар уюштурулду.

**Мыйзамсыз орнотулган кабелдер демонтаждалып, тышкы жарыктандыруу системасы жаңыртылды. Кабелдик тармактар жер астына өткөрүлдү.*

Мындан тышкары, жол боюндагы жашыл аймактар көрктөндүрүлүп, **200дөн ашык** жаңы көчөт отургузулду. Ошондой эле Чүй проспектинен Огонбаев көчөсүнө чейинки тилкеде эски суу түтүктөрү жаңыларына алмаштырылды. 

Чүй проспекти менен Гоголь көчөсүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз курулган объектилер демонтаждалып, аймак иретке келтирилген. 

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**