> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Канттагы жолду курууда жаңы технология колдонулуп, 20 млн сом үнөмдөлдү
- URL: https://im.kg/transport/2026/11/23/kanttagy-zholdu-kuruuda-zhany-tekhnogoliia-koldonulup-20-mln-som-unomdoldu/
- Published: 2026-11-23T05:16:00.000Z
- Updated: 2026-11-23T05:15:59.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Транспорт

**Кыргызстанда жол курууда алгачкы жолу пилоттук негизде ресайклинг технологиясы колдонулуп, 20 млн сом үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев билдирди.** 

Кант–АБЗ автомобиль жолунун **5 чакырымдык** бөлүгүндө жаңы технологиянын негизинде иштер жүргүзүлгөн.

> "Салттуу ыкма менен реконструкциялоого **90 млн сом** талап кылынса, ресайклинг технологиясы менен **70 млн сом** жумшалды. Алдын ала эсеп боюнча **20 млн сом** үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү", - деди министр. 

> Бул технологиянын негизги артыкчылыгы эски жолдун материалдарын кайра иштетип, жаңы жол курууда пайдалануу. Мунун эсебинен жаңы материалдарга болгон муктаждык азайып, курулуш чыгымдары оптималдаштырылат.

> "Пилоттук долбоордун техникалык жана экономикалык жыйынтыктары оң бааланса, бул технологияны өлкөбүздүн башка автомобиль жолдорунда да кеңири колдонуу пландалууда", - деген министр. 

**Маалымат үчүн:** Ресайклинг технологиясы — бул колдонулган калдыктарды (таштандыларды) кайра иштетип, алардан жаңы чийки зат же даяр продукция өндүрүү процесси.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**