> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Токтогул - "Беш-Таш" унаа жолунун 21 километри асфальтталды
- URL: https://im.kg/transport/2026/11/23/toktogul-besh-tash-unaa-zholunun-21-kilometri-asfalttaldy/
- Published: 2026-11-23T11:35:00.000Z
- Updated: 2026-11-23T11:41:31.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Транспорт

**Токтогул – "Беш-Таш" автожолунун жалпы 55 километрин капиталдык оңдоо пландалган. Быйылкы жылы анын 21 километрине биринчи катмар асфальт төшөө иштери аткарылган.** 

Жол III–IV категорияга кирет. Жолдун туурасы **8–10 метрди,** асфальттын туурасы **7 метрди** түзөт. 

> Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиргендей, долбоордун алкагында 100гө жакын суу өткөрүүчү түтүк орнотулду. 

Аталган автожолдо асфальт төшөөгө жолдун негизин даярдоо үчүн жер жумуштары **70%га** аткарылды. Аба ырайынын сууктаганына байланыштуу курулуш иштери убактылуу токтотулду. Иштер кийинки жылы кайрадан улантылып, жолду капиталдык оңдоо иштери жүрөт. 

Токтогул – "Беш-Таш" автожолун капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн Президенттин стабилдештирүү фондунан атайын каражат бөлүнүп берилген.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**