> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 1700дөн ашык жол тейлөө кызматкери бирдиктүү форма менен камсыздалат
- URL: https://im.kg/transport/2026/11/24/1700don-ashyk-zholchular-birdiktuu-forma-menen-kamsyzdalat/
- Published: 2026-11-24T07:02:41.000Z
- Updated: 2026-11-24T07:02:41.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Транспорт

**Өлкөдө 57 жол тейлөө мекемесинин 1710 кызматкери бирдиктүү формалар менен камсыз болот. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен маалымдашты.** 

> Билдирүүгө караганда, учурда кышкы формалар даярдалып, биринчи кезекте алыскы ашууларда жана суук аймактарда эмгектенген жолчуларга жеткирилүүдө.

Жаңы форма иш учурунда ыңгайлуу жана жылуу болушу менен катар, кызматкерлердин коопсуздугуна да багытталган. 

Тактап айтканда, кийимдердин көрүнүктүү жерлерине жарыкты кайтаруучу атайын чагылдыргыч элементтер тигилген. Бул түнкү убакта жана көрүнүү начар шарттарда жолдо иштеген кызматкерлердин коопсуздугуна багытталган.

Жалпысынан жолчулар үчүн кышкы, жайкы жана жаз-күз мезгилдерине ылайыкталган **үч түрдөгү** форма даярдалууда. 

> "Ар бир жол тейлөө мекемесинин **30 кызматкерин** бирдиктүү форма менен камсыз кылуу каралган", - дешти мекемеден. 

Белгилей кетсек, жол тейлөө мекемелери Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментине карайт.