> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# УчкайКЕП: Өлкөдө жума ичинде орун алган маанилүү окуялар
- URL: https://im.kg/uchkaikep/2026/11/13/uchkaikep-olkodo-zhuma-ichinde-orun-algan-maaniluu-okuialar/
- Published: 2026-11-13T12:33:32.000Z
- Updated: 2026-11-13T12:33:31.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: УчкайКЕП

**Өлкөдө бир апта аралыгында, 9-ноябрдан 13-ноябрга чейин бир топ маанилүү окуялар орун алды. Алардын айрымдарын тизмектейбиз.**

- Өлкөдө эмгек кодексине өзгөртүү [киргизилди](https://im.kg/biilik/2026/11/10/emgek-kodeksine-ozgortuu-kirgizildi/). Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

> Документке ылайык, иш берүүчүлөр товарлардын жана кызматтардын кымбатташына жараша айлык акыны жогорулатууга милдеттүү болот. 

Аны көтөрүүнүн тартиби жамааттык келишимдерде, макулдашууларда же уюмдун ички актыларында белгиленет. 

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/webp-1787812818933-mtrod8b513--1-.webp)

- Быйыл **10 айында** республикалык бюджетке **669,6 миллиард сом** [киреше түштү](https://im.kg/ekonomika/2026/11/10/byiyl-10-aida-mamlekettik-biudzhetke-669-6-milliard-som-kireshe-tushtu/).

> Өкмөт тараткан маалыматка ылайык, бул болжолдонгон көрсөткүчтөн **17,3 миллиард сомго** көп болду.

 Мамлекеттик салык кызматы **288,5 миллиард сом** чогултуп, белгиленген пландын **102,7 пайызын** аткарды. Мамлекеттик бажы кызматы **155,6 миллиард сом** чогултуп, пландын **104,1 пайызын** түздү.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/pravila-kaznachejskogo-soprovozhdeniya-dopolnyat-normami-o-vozvrate-avansa-640.png)

- 2026-жылдын октябрында дүйнөлүк азык-түлүк бааларынын индекси сентябрь айына салыштырмалуу 1,2% [төмөндөдү](https://im.kg/ekonomika/2026/11/09/duinoluk-azyk-tuluk-baalary-oktiabrda-1-2-tomondodu/).

> Буга дан эгиндерине, этке жана сүт азыктарына болгон эл аралык баалардын арзандашы таасир эткен. Ошол эле учурда канттын баасы кескин өскөн. Бул тууралуу БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (FAO) билдирди.

[FAOнун](https://www.fao.org/newsroom/detail/fao-food-price-index-edges-down-in-october-amid-subdued-demand/en?fbclid=IwY2xjawVeJ81leHRuA2FlbQIxMABwZG9mBWJyaWQRMVlpME1KMjA4VW9JN1RxVjFzcnRjBmFwcF9pZBAyMjIwMzkxNzg4MjAwODkyAAEfQVFLahg74c-kUGX%5FhrSJu-cata%5FsP97-8Lo8Zjwc-HcYAvUylLrCuD3CEwQ%5Faem%5FOtuFV3QArK6ok2L-PMixlQ) **дүйнөлүк азык-түлүк бааларынын индекси октябрда** орточо 133,9 пунктту түздү. Бул сентябрдагы кайра каралган көрсөткүчтөн **1,6 пунктка же 1,2% төмөн.** Бирок жылдык салыштырууда индекс 5,9% жогору бойдон калууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/1045847710_0_242_3047_1956_2072x0_60_0_0_c4fbfeb3878fd789c95e1707b79cdc4d.jpg)

- Эми Кыргызстандын жана Сейшел аралдарынын жарандары эки өлкөнүн аймагында 30 күнгө чейин визасыз [жүрө алышат](https://im.kg/koom/2026/11/09/kyrgyzstan-menen-seishel-araldarynyn-ortosunda-vizasyz-rezhim-kirgizilet/).

Бул тууралуу тиешелүү макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга президент кол койду. 

> Ага ылайык, жарандардын 1 жыл ичинде мамлекеттер арасында жүрүү узактыгы 90 күндөн ашпоосу керек.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/cover.webp)

- 2026-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин республика боюнча автотранспорт каражаттарынын техникалык абалына жана атмосферага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын көлөмүнө көзөмөл [жүргүзүлгөн.](https://im.kg/koom/2026/11/11/bishkektegi-ysh-kaidan-chygat-zhana-any-kantip-azaituuga-bolot/)

> Анын жыйынтыгында 488 укук бузуу фактысы катталып, жалпы суммасы 8 млн 172 миң 500 сомду түзгөн айып пулдар салынган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/WhatsApp-Image-2026-11-05-at-17.03.12-5-1.jpeg)

> Кыргызстанда Беларусь тракторлорун жыйноо жана өндүрүүчү завод куруу [пландалууда](https://im.kg/transport/2026/11/11/kyrgyzstanda-belarus-traktorlorun-zhyinoo-zhana-onduruuchu-zavod-kuruu-plandaluuda/). 

Маалым болгондой, бул маселе айыл чарба минстри Эрлист Акунбековдун Беларуска болгон иш сапарынын алкагында каралды. 

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/8K57tMSU6-701463-1.jpg)

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**