> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар
- URL: https://im.kg/uchkaikep/2026/11/20/uchkaikep-olkodo-bir-aptada-orun-algan-maaniluu-okuialar/
- Published: 2026-11-20T12:10:00.000Z
- Updated: 2026-11-20T12:09:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: УчкайКЕП

**Ушул жумада, 16-ноябрдан 20-ноябрга чейин өлкөдө бир катар маанилүү окуялар болду. Алардын негизгилеринен учкай кеп салабыз.**

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/1040002499_0_98_1600_738_1920x0_80_0_0_279cca1408bc5c6899c8b3434842989c.jpg)

**"Баатыр энелерге" берилүүчү пенсиялык кошумча төлөм көбөйтүлөт**

- Баатыр эне ордени менен сыйланган **30 миң 600дөн** ашуун эне жаңы жылдан тарта ай сайын **5 миң сомдон** кошумча акча ала баштайт.

> Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш колдоду. Бул үчүн **2027-жылдын бюджетине 1,5 миллиард сом** [каралган](https://im.kg/ekonomika/2026/11/18/baatyr-enelerge-beriluuchu-pensiialyk-tolomdu-koboituugo-arnalgan-myizam-koldoo-tapty/).

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/1036914495_0_0_5200_2925_1920x0_80_0_0_47ed3280ec4d97383c363b051d5a6e1a.jpg)

**2027-жылы республикалык бюджеттин көлөмү 1 трлн сомдон ашат**

- Кыргызстандын 2027-жылдагы бюджетинин жалпы көлөмү 1 триллион 53 миллиард сом болот. Бул тууралуу МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев [билдирди](https://im.kg/ekonomika/2026/11/17/2027-zhyly-respublikalyk-biudzhettin-kolomu-1-trln-somdon-ashat/).

> Каражат социалдык тармактарды колдоого жана ири курулуш долбоорлоруна жумшалат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/osh5.jpeg)

**Ош шаарында эки заманбап асма жол куруу пландалууда**

- Биринчиси Юго-Восток кичи районунан Ак-Буура дарыясынын боюндагы Навои атындагы сейил бакка чейин тартылышы мүмкүн.

> Экинчиси Керме-Тоо тоосунан башталат. Азыр долбоор боюнча сүйлөшүүлөр [жүрүп жатат](https://im.kg/koom/2026/11/16/osh-shaarynda-eki-zamanbap-asma-zhol-kuruu-plandaluuda/).

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/images--7--1.jpeg)

**Кыргызстанга визасыз кирүү мүмкүнчүлүгүн 18 өлкөгө кеңейтүү сунушталууда**

- Кыргызстан визасыз кире алган өлкөлөрдүн тизмесине дагы 18 мамлекетти кошууну [сунуштады](https://im.kg/ekonomika/2026/11/18/kyrgyzstanga-vizasyz-kiruu-mumkunchulugun-18-olkogo-keneituu-sunushtaluuda/).

> Ошондой эле айрым өлкөлөрдүн жарандары үчүн визасыз жүрүү мөөнөтүн узартуу каралууда. Алар ар бир 120 күндүн ичинде Кыргызстанда 30 күн эмес, 60 күнгө чейин жүрө алышат. Бул сунуш коомдук талкууга чыгарылды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/4972538.jpg)

**ЕРӨБ баяндамасы: КРнын банк сектору бекемделди, мамлекеттик башкарууда тобокелдиктер бар**

- Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын баяндамасында Кыргызстандын банк тармагы бекемделгени [белгиленди](https://im.kg/ekonomika/2026/11/19/erob-baiandamasy-krnyn-bank-sektoru-bekemdeldi-mamlekettik-bashkaruuda-tobokeldikter-bar/).

> Бирок мамлекеттик башкаруу боюнча айрым көрсөткүчтөр начарлаган. Анын ичинде кылмыштуу акчаларды адалдоого каршы күрөшүү жана басма сөз эркиндиги боюнча көрсөткүчтөр бар.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/3609775-2--1--2.webp)

**АКШдагы банктардын ишинде үзгүлтүк катталды**

- АКШда ушул жуманын башында өкмөттүн иши токтогон учурда айрым ири банктардын кардарлары онлайн кызматтарды колдонууда кыйынчылыкка [туш болушту](https://im.kg/banktar/2026/11/18/akshdagy-banktardyn-ishinde-uzgultuk-kattaldy-krub-krda-bank-sistemasy-turuktuu-ishtep-zhatkanyn-bildirdi/).

> Буга байланыштуу Кыргызстандын Улуттук банкы өлкөдөгү банктар кадимки тартипте иштеп жатканын билдирди. Төлөмдөр үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/CAM10947-1-06450904-e2fc-4f52-9df6-ab8fbae5a45b.jpg)

**Өлкөдө кумшекерди импорттоого убактылуу чектөө коюлду**

- Кыргызстан кумшекерди импорттоого алты айга [чектөө киргизди](https://im.kg/koom/2026/11/17/olkogo-ak-kantty-tashyp-kirgizuugo-6-ailyk-tyiuu-salyndy/). Бул чечим ата мекендик кант заводдорун колдоо максатында кабыл алынды.

> Бирок чектөө Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдөн транзит менен өткөн жана кайра экспорттолуучу кумшекерге, ошондой эле "экстра" сортуна тиешелүү эмес.

Кененирээк видеодон көрүңүз. 

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**