Транспорт министри Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолукту

Чынгыз Керимбеков

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ислам өнүктүрүү банкынын Алматы аймактык кеңсесинин башчысы Ибрагим Шукри жана камсыздандыруу операциялары боюнча менеджери Али Хан мырза менен жолугушту. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «Ысык-Көл айланма унаа жолунун 104-184,5-чакырымын реконструкциялоо» долбоору тууралуу талкуулашты. Долбоордун наркы $20 млн түзөт.

Мындан тышкары, Ислам өнүктүрүү банкынын кредиттик каражаттарына «Суусамыр-Талас-Тараз, Фаза IV, жолдун 105-198-чакырымын реконструкциялоо» долбоорун ишке ашыруу күтүлүүдө, ал боюнча азыркы учурда кредиттик макулдашууга жана техникалык гранттык жардам макулдашуусуна кол коюуга даярдык иштери жүрүп жатат. Суммасы $50.2 млн түзөт.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости