Экономика

Жогорку Кеңешке алты айда 980 млн сомдон ашык каражат сарпталды

Экономика

Жогорку Кеңешке алты айда 980 млн сомдон ашык каражат сарпталды

2026-жылдын январь-июнь айларында Жогорку Кеңеш 980,3 миллион сом чыгымдады. Бул бир жылга каралган 1,87 миллиард сомдун 52,4%ын түзөт. Маалыматтар "Ачык бюджет" порталында жарыяланды. Ага ылайык, парламенттин чыгымдарынын басымдуу бөлүгү кызматкерлердин эмгек акыларына багытталып, 838,8 млн сом жумшалган. Анын ичине айлык маяналар,

Чүйдө 390 млн долларга 14 долбоор ишке ашырылат

Экономика

Чүйдө 390 млн долларга 14 долбоор ишке ашырылат

Президентинин тапшырмасынын негизинде Чүй районундагы өнөр жай аймактарын өнүктүрүү маселелери боюнча көчмө кеңешме өттү. Иш-чаранын алкагында жалпы аянты 202 гектарды түзгөн өнөр жай аймагын түзүү долбоорунун ишке ашырылышынын жүрүшү менен таныштырылды. Бул тууралуу президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев билдирди. Маалыматка ылайык, учурда жалпы аянты 202 гектарды

“Ала-Тоо Резорт” долбоору инвесторлорго тааныштырылды

Экономика

“Ала-Тоо Резорт” долбоору инвесторлорго тааныштырылды

13-июлда Бишкекте “Ала-Тоо Резорт” долбоору потенциалдуу инвесторлорго тааныштырылды. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Жолугушууга "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын жетекчилиги, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин өкүлдөрү жана инвесторлор катышты. Жолугушууда төрт мезгилде тең иштей турган курорттук шаарчанын курулушу жана алдыдагы пландар тууралуу маалымат берилди.

Кыргызстан ЭКУнун Соода жана өнүктүрүү банкы менен кызматташат

Экономика

Кыргызстан ЭКУнун Соода жана өнүктүрүү банкы менен кызматташат

Түркиянын Стамбул шаарында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) Соода жана өнүктүрүү банкынын Башкаруучулар кеңешинин 25-жыйыны жана Директорлор кеңешинин жыйыны болуп өттү. Аталган иш-чарага КРнын атынан Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов катышты. Жыйындардын жүрүшүндө Банктын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, 2026-жылга карата бюджети, Экономикалык кызматташтык уюмунун аймагындагы

Кристин Лагард: санарип евро – нак акчаны алмаштыра албайт

Экономика

Кристин Лагард: санарип евро – нак акчаны алмаштыра албайт

Европанын Борбордук банкынын (ЕББ) президенти Кристин Лагард санарип евро накталай акчаны алмаштыра албайт - деген пикирин Euronews телеканалына берген маегинде билдирди. Анын айтымында, төлөм каражатынын санарип ыкмасы - жарандардын төлөмдөрүн көзөмөлдөө үчүн эмес, накталай акчаны толуктоо максатында иштелип чыгууда. ЕББ башчысынын билдирүүсүнө караганда, Европа парламенти санарип евро боюнча мыйзам долбоорун сүйлөшүүлөрдүн кийинки

Транспорт тармагынан 6 айда бюджетке 614 млн сомдон ашык каражат түштү

Экономика

Транспорт тармагынан 6 айда бюджетке 614 млн сомдон ашык каражат түштү

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы алты айында транспорт тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдөн мамлекеттик бюджетке 614 миллион сомдон ашык каражат түшүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17%га көбөйдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бюджетке түшкөн каражат былтыркы жылга салыштырмалуу дээрлик 91 миллион сомго көп болгон. Алты ай ичинде транспорттук

Ноокатта соода-логистикалык борбору курулууда

Экономика

Ноокатта соода-логистикалык борбору курулууда

Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Нурлан Керимкулов Ош облусунун Ноокат районунда курулуп жаткан ири соода-логистикалык борбордун курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты. Бул тууралуу аталган райондун админстрациясынан билдиришти. Маалыматка таянсак, аталган долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин алкагында Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы менен “Мармара-Стоун” ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде

Кыргыз делегациясы Сингапурда каржы институттары менен жолугушту

Экономика

Кыргыз делегациясы Сингапурда каржы институттары менен жолугушту

Кыргызстандын өкүлдөрү Сингапурда эл аралык рейтинг агенттиги, каржы институттары жана инвесторлор менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууларда Кыргызстандын экономикалык өсүшү, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана эл аралык капиталга чыгуу маселелери талкууланды. Кыргыз тарап Moody’s өкүлдөрүнө өлкөдөгү макроэкономикалык көрсөткүчтөр, өнөр жайдын, туризмдин өнүгүшү,

Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын уставдык капиталы 22 млрд 680 млн сомго жетет

Экономика

Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын уставдык капиталы 22 млрд 680 млн сомго жетет

Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын уставдык капиталы 22,68 миллиард сомго чейин көбөйтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын билдирүүсүндө маалымдалды. Маалыматка ылайык, банктын уставдык капиталына 1,5 гектар аянттагы жер тилкеси акчалай эмес салым катары киргизилет. Аталган мүлктүн бааланган наркы 266,15 миллион сомду түзөт. Капиталды көбөйтүү үчүн банк кошумча 266 миң

Кичи, чакан жана орто ишканаларды туруктуу каржылоо долбоору ишке ашат

Экономика

Кичи, чакан жана орто ишканаларды туруктуу каржылоо долбоору ишке ашат

Кыргызстанда кичи, чакан жана орто ишканалар үчүн туруктуу каржы базарын өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоордун бет ачары өттү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматтык жолугушууга Каржы министринин орун басары Нурбек Акжолов төрагалык кылып, ага коммерциялык банктардын жана башка каржы институттарынын өкүлдөрү катышты. Иш-чарада аталган долбоордун негизги багыттары,

Жасалма интеллектти бизнесте колдонуу мүмкүнчүлүктөрү бааланды

Экономика

Жасалма интеллектти бизнесте колдонуу мүмкүнчүлүктөрү бааланды

Экономика жана коммерция министрлиги Европа Биримдигинин колдоосу менен уюштурулган ишкердик чөйрө, санариптештирүү жана жасалма интеллектти киргизүү боюнча изилдөөнүн алдын ала жыйынтыктарын талкуулаган иш-чарага катышты. Иш-чарада мамлекеттик мекемелердин, бизнес өкүлдөрүнүн жана эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусунда өлкөдөгү ишкердик чөйрөнүн абалы, санариптик өнүгүү жана жасалма интеллект технологияларын колдонуу маселелери каралды. Экономика

Климаттык каржылоо жана "жашыл" инвестициялар боюнча талкуу өттү

Экономика

Климаттык каржылоо жана "жашыл" инвестициялар боюнча талкуу өттү

Экономика жана коммерция министрлигинде "Кыргызстанда климаттык каржылоо, ESG жана көмүртек рыногу: кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр" аттуу сессия өттү. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара Климаттык каржылоо борбору менен биргеликте уюштурулуп, ага мамлекеттик органдардын жана каржы кызматынын өкүлдөрү, ошондой эле өнөктөштөр катышты. Жолугушууда туруктуу каржылоонун заманбап ыкмалары, климаттык