Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 1 сом болот

Бактынур Абдиева

Кыргызстанда 1-майдан тартып өлкөнүн калкы үчүн электр энергиясынын баасы 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду түзөт. Тиешелүү токтомго минкаб башчысы Акылбек Жапаров кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Аталган документке ылайык электр энергиясын 700 кВт.с жогору пайдаланган учурда тариф мурдагы деңгээлде сакталат – 2.16 сом/кВт.с.

Муктаж болгон үй-бүлөлөр жана жарандар үчүн тариф мурдагы деңгээлде сакталып, 1 кВт.с үчүн 50 тыйынды түзөт. Электр энергиясын лимитсиз жана кубаттуулукту чектөөсүз пайдаланууну каалаган калк үчүн тариф 5.04 сом/кВт.с ордуна 3.28 сом/кВт.с чейин төмөндөтүлдү.

КМШ өлкөлөрүнүн жана дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөрдүн ичинен калк үчүн эң арзан электр энергиясы – Кыргызстанда экени белгиленип айтылган.

Тарифтик саясатка киргизилип жаткан өзгөрүүлөр Советтер Союзунан бери алмаштырыла элек энергетикалык жабдууларды жаңылоого мүмкүндүк берет. Иштеп жаткан жылуулук жана гидроэлектростанцияларды реконструкциялоого жана модернизациялоого карабастан, учурда энергетика жабдууларынын 80%дан көбү эскирген абалда калууда.

Электр энергиясын керектөөчүлөр үчүн өзгөртүүлөр киргизилгенге чейинки жана андан кийинки тарифтин көрсөткүчү келтирилген.

Керектөөчүлөр1 кВт.с үчүн болгон01.05.2023-ж. тартып 1 кВт.с үчүнболотЖогорулоо/Төмөндөө
Калк0,77 сом лимит – 700 кВт.с1,0 сомлимит – 700 кВт.с+ 0,23 сом 
лимиттен жогору 2,16 сом
Бийик тоолуу аймактар0,77 сом лимитсиз 1,0 сом лимитсиз+ 0,23 сом
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр (Эмгексоцминдин тизмеси боюнча)0,50 сом лимит – 700 кВтч0,50 сом лимит – 700 кВтч0,0 сом
лимиттен жогору 2,16 сом
Калк үчүн чектөөсүз тариф5,04 сом 3,28 сом — 1,76 сом 
Бюджеттик керектөөчүлөр 3,40 сом 3,40 сом 0,0 сом
Айыл чарба, өнөр жай жана башка керектөөчүлөр2,52 сом 2,87 сом+ 0,35 сом
Насостук станциялар1,095 сом 1,247 сом+ 0,15 сом 
Социалдык, диний уюмдар жана жүргүнчүлөрдү ташуучу электр транспорту1,68 сом 1,91 сом+ 0,23 сом 
Цемент заводдору 3,28 сом 3,28 сом0,0 сом 
Майнинг субъекттери, алтын ылгоочу фабрикалар, куюучу, эритүүчү цехтер, алкоголдук продукцияны өндүрүү боюнча ишканалар5,04 сом5,04 сом0,0 сом

Керектөөчүлөрдүн жаңы категориясы
23 кВт чейин белгиленген кубаттуулуктагы электр мобилдери үчүн кубаттоо станциялары (жай кубаттоо)2,87 сом 
Электр мобилдери үчүн кубаттоо станциялары (кубаттуулукту чектөөсүз)4,42 сом

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости