Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Ozon «Дордойдо» логоцентр ачып, жылдын аягында жергиликтүү маркетплейс ачат

Бактынур Абдиева

Ozon маркетплейси деп аталган электрондук соода аянтчасын иштеткен россиялык «Интернет решения» компаниясы ушул жылдын май айында Бишкектин четинде өзүнүн логистикалык борборун ишке киргизет. Бул тууралуу аталган компаниянын КМШдагы директору Алексей Сапон Бишкекте өткөн практикалык конференцияда билдирди, деп маалымдайт Интерфакс агенттиги.

Сапондун айтымында, комплекс 100 гектар аянтты ээлеген өлкөдөгү эң ири «Дордой» дүң базарынын аймагында жайгашат. Логистикалык борбордо кыргызстандык ишкерлерге онлайн-сатууну баштоого жардам берилет: жергиликтүү сатуучулардын товарларынын сүрөттөрү онлайн-витринада жайгаштырылат, маркаланат жана буйрутмаларга таңгакталат.

«2023-жылдын ичинде түздөн-түз Кыргызстанда катталган Ozon.kg маркетплейси ачылат. Демек, бардык соода сом менен жүрөт, жөнөкөйлөтүлгөн салык салуу болот жана Кыргызстандагы сатуучулар үчүн бардыгы ыңгайлуу болот. Биз азыр Кыргызстандан Россияга агымдар боюнча иштеп жатабыз, ал эми кийинки милдетибиз — сайтыбызга чыккан бардык товарлар республиканын бардык тургундарына жеткиликтүү болушун камсыздоо. Жакынкы арада жергиликтүү сайтыбыз ачылганда биз бул жерде инфраструктураны өнүктүрүп, өзүбүз да, өнөктөштөр менен кошо да кабыл алуу пункттарын ачууну пландап жатабыз», — деди Сапон.

Апрель айынын аягына чейин Бишкекте «Озондун» биринчи заказ кабыл алуучу пункттары ачылат, ал эми жылдын акырына чейин өлкө боюнча алардын саны 15ке жетет деп болжолдонууда.

«Июнь айында Бишкекте «Озондун» ишкерлерди колдоо борбору ачылат. Анын адистери сатууну уюштурууга байланышкан бардык маселелерди чечүүгө жардам берет: катталуу жана сатып баштоо үчүн керектүү документтерди кантип даярдоону, кантип ЖИ катары катталып же ЖЧК ачууну, кантип товарлардын карталарын түзүүнү жана алардын онлайн-жарнамасын тууралоону айтып беришет. Азыр Кыргызстандын ишкерлери атуу жана каттоону Ozon.ru платформасынан жүргүзүшөт. Жакынкы аралыкта алардан Казакстан менен Беларустагы сатып алуучулар заказ кыла баштайт», — деди Сапон.

Маалым болгондой, 2022-жылдын декабрында «Интернет решения» Бишкекте Ozon өкүлчүлүгүн ачып, ушул жылдын башында жергиликтүү ишкерлерден россиялык сатып алуучуларга товарларды жеткирүү мөөнөтүн кыскартуу үчүн сорттоочу борборду ишке киргизген. Кыргызстан КМШдагы компания өзүнүн логистикалык инфраструктурасынын негизинде бизнесин локалдаштырып жаткан Беларусь менен Казакстандан кийинки үчүнчү өлкө болмокчу.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости