Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

ЖК Кыргызстанда жаңы төрөлгөндөргө депозит ачтырат

Бактынур Абдиева

Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстанда ар бир жаңы төрөлгөн балага мамлекет тарабынан депозит ачуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышты. Бул чара келерки жылдын башында күчүнө кириши мүмкүн, деп билдирди 24.kg маалымат агенттиги.

Депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, демилге жарандардын билим алуу жана турак-жайга болгон укуктарын коргоого багытталган. Аманатты мамлекет, ата-энелер жана меценаттар толуктай алышат.

«Ата-энелер бул депозиттик эсепке акча салса болот. Жетим балдардын эсебин коомдук фонддор жана меценаттар толуктаса болот. Мисалы, ар бир жаңы төрөлгөн ымыркайга бир жолу төлөнүүчү 4000 сомду ушул эсепке салса, 18 жылда жок дегенде университеттин эки жылдык контрактына жете турган акча топтолуп калат», — деди Маматалиев.

Баланын жашы жеткенде, депозиттик эсептеги акча эки гана максатта колдонулушу мүмкүн: окуу акысын төлөөгө же ипотеканын баштапкы төлөмүнө.

Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева депутаттардын бул демилгесин ишке ашыруу үчүн 11 млрд сом керектелерин билдирди.

«Биз 2023-жылы баштайлы деп ойлогонбуз, бирок кийинки жылдан баштасак жакшы болот. Ушуну менен келечек муунга жакшы шарттарды түзүп беребиз. Балдар үчүн каражат табыш керек», — дейт Маматалиев.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости