Финансы министри ЭВФтин өкүлдөрү менен жолукту
Финансы министри Алмаз Бакетаев ЭВФтин КРдагы жаңы туруктуу өкүлү Фарид Талышлы жана ЭВФтин учурдагы туруктуу өкүлү Тигран Погосян менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы маалымдады.
Такталганай, жолугушуунун жыйынтыгында министр ЭВФтин КРдагы мурдагы туруктуу өкүлү Тигран Погосянга ыраазычылык билдирип, Финансы министрлигинин Ардак грамотасын тапшырды.
Ошондой эле, 2020-жылы ЭВФ КРна бюджетти колдоо, ошондой эле СДРди бөлүштүрүү үчүн COVID-19 пандемиясынан улам өзгөчө кырдаал учурунда финансылык жардамды тартууда тез жардам көрсөткөнүн эскертти.