Кыргызстан монголиялык «Миллиард дарак» долбоорун колдоого даяр
КРнын Айыл чарба министрлиги Монголиянын «Миллиард дарак» улуттук кыймылын колдоого даяр. Бул тууралуу министрлик билдирди.
Такталгандай, министрлик кыртышты баалоо, жайыттардын деградациясына каршы күрөшүүдө техникалык колдоо көрсөтүү максатында токойду пайдалануу жана агрономия тармагындагы алдыңкы адистерин жөнөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Бул демилге айыл чарба министри Аскарбек Джаныбековдун Монголия мамлекетине болгон иш сапарында көтөрүлгөн. Расмий жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелер жана логистикалык байланыштарды өнүктүрүү, биргелешкен моңгол-кыргыз ишканаларын түзүү маселери каралды.
«КРнын Айыл чарба министрлигинин компетенциясына тиешелүү маселелерди талкууланып, ветеринария, токой чарбасы, ошондой эле Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы өкмөттөр аралык келишимдерге кол коюу жөнүндө чечими кабыл алынды», - деп мекеме белгиледи.
Ошондой эле, Айыл чарба министрлиги Монголиянын климаттык шарттарына ылайык келген 1 миллиондон ашык көчөттөрдү берүүгө даяр. Өз кезегинде монгол тарап климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жаатындагы кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз делегациясын 2026-жылы Монголияда өтө турган жерлердин кайрак жерге айлануусуна каршы күрөшүү боюнча саммитке катышууга расмий чакырды.