Калктын ишенимин жогорулатуу үчүн Соцфонд коррупцияга каршы планын иштеп чыкты

Калктын ишенимин жогорулатуу үчүн Соцфонд коррупцияга каршы планын иштеп чыкты

КРнын Соцфонду тарабынан 2023-2025-жылдары коррупцияга каршы аракеттенүү жана алдын алуу боюнча иш-аракеттердин стратегиялык планы иштелип чыкты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Планга ылайык төмөнкүлөргө багытталган иш-чаралар каралган:

• мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарынын максаттуу чыгымдалышын контролдоо;

• ЧУА, башкаруучулук жана финансылык чечимдерде коррупциогендик ченемдерди жана механизмдерди табуу жана чететтүү;

• мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө сервистүүлүктү жакшыртуу;

• иштин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу;

• мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын жана Соцфонддун кызматкерлеринин арасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү жана коррупцияга каршы үгүттөө иштерин жүргүзүү.

Пландын максаттуу индикаторлору:

• 2022-жылдын деңгээлине карата калктын ишеним деңгээлин жогорулатуу;

• 2022-жылдын деңгээлине карата Соцфонд үчүн «Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын деңгээли жөнүндө жеке түшүнүк» индексин жогорулатуу.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 140 миңден ашуун адам кредит алууга  чектөө киргизди

Кыргызстанда 140 миңден ашуун адам кредит алууга чектөө киргизди

2025-жылдын 1-ноябрынан 2026-жылдын 16-январына чейин "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу насыя алууга өзүнө өзү тыюу салуу кызматына 140 миң 264 жаран кошулганын Улуттук банктын басма сөз кызматы кабарлады. Өзүнө өзү тыюу салуу механизми насыяларды мыйзамсыз алуу жана алдамчылык операцияларын азайтуу максатында ишке киргизилген. Жарандар бул чектөөнү мамлекеттик электрондук кызматтар

ЮНЕСКО Кыргызстандын маданий долбоорлорун колдоорун билдирди

ЮНЕСКО Кыргызстандын маданий долбоорлорун колдоорун билдирди

Париж шаарында Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү Садык Шер-Нияз ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолукканын ТИМден билдиришти. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө уюмдун артыкчылыктуу багыттарын ишке ашырууга жигердүү салым кошуу максатында Кыргызстан ЮНЕСКОнун жетекчи органы болуп саналган Аткаруу кеңешинин мүчөлүгүнө өз талапкерлигин сунуштап, 2025-2029-жылдарга шайлангандыгы белгиленди. Өз кезегинде ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани

Ысык-Көлдөн 400 метрлик мыйзамсыз тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 400 метрлик мыйзамсыз тор чыгарылды

Ысык-Көлдүн түбүнөн 400 метрлик мыйзамсыз балык тору чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдирди. Бүгүн Ысык-Көлдүн акваториясында министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан рейд өткөрүлдү. Рейд учурунда узундугу 400 метр болгон эски кытай синтетикалык балык тору аныкталып, көлдөн чыгарылды. Иш-чаранын

Бийлик ашыкча чыгымдарга катуу чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштады

Бийлик ашыкча чыгымдарга катуу чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштады

Министрлер кабинети жарандардын ашыкча чыгымдарын кыскартуу жана салттуу иш-чаралардагы социалдык басымды азайтуу максатында "Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана аза күтүү жөрөлгөлөрүн тартипке салуу жөнүндө" токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Негизги сунуштар: * Үйлөнүү тойлорго жана үй-бүлөлүк салтанаттарга 200 адамдан ашык чакырууга болбойт, ошондой эле бир гана жылкы же уй союуга уруксат