Чек арадагы Капчыгай жана Достук айылынын ар бир үйүнө таза суу кирет

Чек арадагы Капчыгай жана Достук айылынын ар бир үйүнө таза суу кирет

Баткен районунун Капчыгай айылындагы ичүүчү таза суу долбоору ишке ашууда. Курулуш үчүн 17 млн 179миң сом каралган. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда курулуштун 70% аткарылды. 5 чакырым аралыкка суу түтүктөрү жаткырылды.

Курулуштун аякташы менен 100 үй-бүлө таза суу менен камсыз болот.

Ушундай эле таза суу курулушу 21 млн 444миң сомго Достук айылында курулууда. Аталган айылда жумуш 80% аяктады. Натыйжада 59 үйгө таза суу кирет.

Таза суу курулуштары республикалык  бюджеттин эсебинен каржыланууда. Курулушту июль айынын аягына бүткөрүү, пайдаланууга берүү пландалууда.

Бул иш аракеттер 2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдан соң Капчыгай жана Достук айылдарын жаңыдан куруу боюнча башкы планга ылайык ишке ашууда.

Read more

Шылуундар «Альянс Алтындын» атын колдонууда

Шылуундар «Альянс Алтындын» атын колдонууда

Шылуундар «Альянс Алтындын» атын колдонууда. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, шылуундар WhatsApp аркылуу билдирүүлөрдү таратып, өздөрүн «Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы директору же кызматкери катары тааныштырышууда. Алтын сатып алууну же компаниянын атынан каржылык операцияларга катышууну сунушташууда. «Булар алдамчылар! Ишенбеңиз! «Альянс Алтын» ЖЧКсы жеке адамдарга алтын сатпайт жана мессенджерлер аркылуу

2024-жылы «Альянс Алтын» бюджетти 9.3 млрд сомго толуктаган

2024-жылы «Альянс Алтын» бюджетти 9.3 млрд сомго толуктаган

2024-жылы Кыргызстандын экинчи ири алтын өндүрүүчү «Алтын Альянс» компаниясы өлкө бюджетине 9.3 млрд сом салык которду, анын ичинде декабрда 883 млн сом. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Компаниянын маалыматы боюнча, 2015-жылы долбоор башталгандан бери компаниянын жалпы салык төлөмдөрү 24.3 млрд сомдон ашты. Көрсөтүлгөн мезгилде Талас алтын кен

«Альянс Алтын» кенчилери үчүн билим берүү курстары иштелип чыгат

«Альянс Алтын» кенчилери үчүн билим берүү курстары иштелип чыгат

«Альянс Алтын» компаниясынын жетекчилери жана инженердик кызматкерлери үчүн окуу курстары иштелип чыгат. Бул тууралуу КРСУ менен «Альянс Алтын» ЖЧКсынын ортосундагы 2024–2026-жылдарга кызматташуунун жол картасын түзүү учурунда белгилүү болду. Ишкананын маалымат кызматы белгилегендей, Жол картасы билим берүү, илим жана кадрлардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу жаатында кызматташуунун негизги багыттарын аныктайт. Анын максаты

«Альянс Алтын» Талас шаарынын муниципалдык мекемелери менен тегерек стол өткөрдү

«Альянс Алтын» Талас шаарынын муниципалдык мекемелери менен тегерек стол өткөрдү

2025-жылдын 29-январында «Альянс Алтын» компаниясынын демилгеси менен Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык мекемелеринин жетекчилери катышкан тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Бул иш-чарага компаниянын Коомчулук менен байланыш кызматынын өкүлдөрү да катышып, «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду тарабынан облустун борборундагы социалдык инфраструктураны жакшыртуу үчүн көрсөтүлүп жаткан жардамдар жөнүндө маалымат