НМУда этти кайра иштетүү жана эт азыктарын өндүрүү боюнча цех ачылды

НМУда этти кайра иштетүү жана эт азыктарын өндүрүү боюнча цех ачылды

Нарын мамлекеттик университетинде этти кайра иштетүү жана эт азыктарын өндүрүү боюнча цехи ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Аталган цехти ачууга Борбордук Азия Университети (Ага Хан фонду) 2.3 млн сом жана «Эразмус плюс» программасынын «АгроДев» долбоору 1.3 млн сомдук колдоо көрсөткөн.

Ошондой эле, НМУ өзүнүн атайын каражаттарынын эсебинен жогорку сапаттагы жабдууларды жана аппараттарды алуу үчүн 4.2 млн сом жумшаган.

Министр Каныбек Иманалиев НМУда этти кайра иштетүү жана эт азыктарын өндүрүү боюнча цехтин ачылып жатканы абдан символикалуу экендигин айтып, Нарын облусу жогорку сапаттагы эт азыктары менен республикага таанымал деп билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка  ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads,

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Орусияга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Орусияга барат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 17-19-июнда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына жумуш сапары менен барат.  Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, иш сапардын алкагында МинКаб башчысы маданий байланыштарды чыңдоо жана чыгармачыл демилгелерди өнүктүрүү боюнча Эл аралык конференцияга катышат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен

Адылбек Касымалиев Ташкент инвестициялык форумуна катышты

Адылбек Касымалиев Ташкент инвестициялык форумуна катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстанга болгон жумуш сапарынын алкагында Ташкент инвестициялык V эл аралык форумуна катышып, пленардык жыйынында сөз сүйлөдү.  Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ташкент дагы бир жолу аймактын келечеги үчүн конкреттүү чечимдерди талкуулоочу аянтчага айланганын белгиледи.  “Кыргызстан тоо-кен, энергетика, транспорт жана логистика сыяктуу артыкчылыктуу багыттар боюнча

17-20-июнда Бишкектин негизги көчөлөрү убактылуу жабылат

17-20-июнда Бишкектин негизги көчөлөрү убактылуу жабылат

Бишкекте 17-20-июнь күндөрү Фучик, Чүй, Манас, Абдрахманов, Ахунбаев жана Жибек Жолу проспектилеринде маал-маалы менен унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет. Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын маалыматына караганда,борбор калаада КМШ мамлекеттеринин ИИМ жетекчилеринин VI кеңешмеси өтөт. Мындан улам аталган көчөлөрдө коомдук тартип жана жол кыймылынын коопсуздугу тынымсыз көзөмөлгө алынып турат.