Кытайга көмүрдү өткөрүү үчүн "Торугартка" жакын жерге көмүр логистикалык базасы курулат

КР Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытайдын Синьцзянь-уйгур автономиялуу районуна болгон иш сапарынын алкагында жалпы 17 документке кол коюп келди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирет.

"Торугарт" кыргыз-кытай автомобиль чек арасына жакын көмүр логистикалык борборун биргелешип куруу боюнча "Кыргызкөмүр" МИ менен Irkeshtan Port Xingi International Trade Co lt компаниясынын ортосунда келишимге кол коюлган.

"Торугарт" кыргыз-кытай чек арасына жакын жерге көмүр логистикалык база биргелешип куруу – бул КРнын түндүк аймагынан КЭРге көмүр экспортун тартипке салып, кытай керектөөчүлөрүнүн талаптарына ылайык көмүр продукциясын өзүнчө фракцияларга кайра бөлүп, ошондой эле ички рынокто кесек көмүрдү жергиликтүү калкка жеткиликтүү туруктуу баада сатууга мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кыргыз тарап жети көмүр кенин кытайлар менен иштеүү үчүн келишим түздү.


Дагы 5 көмүр кени кытайлык компанияларга иштетүүгө берилиши мүмкүн

Кыргыз-кытай бизнес форумунда 29 келишимге кол коюлду — эмне келишимдер?