Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Дагы 5 көмүр кени кытайлык компанияларга иштетүүгө берилиши мүмкүн

Назира Абдиева
Дагы 5 көмүр кени кытайлык компанияларга иштетүүгө берилиши мүмкүн

Кыргызстандагы дагы беш көмүр кенин кытайлык компаниялар иштетиши мүмкүн. Эскерте кетсек, буга чейин эки кен боюнча "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы келишимдерди түзгөн. Бул тууралуу Үрүмчү шаарында КР министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаровдун катышуусунда өткөн "Кыргызстан – СУАР" бизнес-форумунун жыйынтыгында кол коюлган келишимдердин тизмесинен белгилүү болду.

Белгилей кетсек, форумдун алкагында буга чейин "Кыргызкөмүр" МИ менен Shanci Coal Investment Group LLC ишканасынын ортосунда биргелешип иштөө боюнча эки келишимге кол коюлган. Бул келишимдердин алкагында компаниялар "Ак-Улак" жана "Беш-Бурхан" көмүр кендерин биргелешип иштетүү боюнча макулдашышкан.

Бул макулдашуулардан тышкары "Кыргызкөмүр" башка көмүр кендерин биргелешип иштетүү боюнча дагы 5 келишимге кол койду:

  • "Тегене"
  • "Торугарт"
  • "Каракабак-Балыкты"
  • "Сүлүктү-11 кени"
  • "Торугарт 1"

Көмүр казып алуу боюнча макулдашуулардын тизмеси:

  • "Кыргызкөмүр" МИ менен «Hebei Jinsheng Mining Engineering Co., Ltd» компаниясынын ортосундагы "Тегене" көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча келишим
  • "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы менен «Irkeshtan Port Xinji International Trade Co Ltd» ортосундагы "Торугарт" көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча макулдашуу
  • "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы менен «Irkeshtan Port Xinji International Trade Co., Ltd» ортосундагы "Каракабак-Балыкты" көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча макулдашуу
  • "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы менен "Томирис-Кен" ЖЧКсынын ортосунда "Сүлүктү-11 кени" көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча келишим
  • "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы менен кытайлык  «Kashi Shunbaofu Trade and export Trade Corporation» компаниясынын ортосунда "Торугарт 1" көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча келишим.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости