Россияда бензин дагы, дизель да кымбаттады, бул Кыргызстандагы бааларга таасир этет — Нефтетрейдерлер ассоциациясы

Россияда бензин дагы, дизель да кымбаттады, бул Кыргызстандагы бааларга таасир этет —  Нефтетрейдерлер ассоциациясы

Дүйнөлүк экономика кыш мезгилинин алдында дизелдик отундун рекорддук тартыштыгын баштан өткөрүп жатат. Талдоочулар азыркы запастардын көлөмү дүйнөлүк экономиканын муктаждыктарына жетпей калышы мүмкүн деп коңгуроо кагышууда. Кыргызстан үчүн бул тобокелдиктер күйүүчү майдын бардык түрлөрүнүн бааларынын кымбатташына алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов билдирди.

Эшатовдун айтымында, Кыргызстандагы дизель майынын баасы баарынан мурда Росиядагы мунай иштетүүчү заводдордун баасына көз каранды. Анткени Кыргызстан күйүүчү майды ошолордон сатып алат.

"Кыргызстан Россиянын мунай иштетүүчү заводдорунан кое берилген бааларга ориентир алат", - дейт Канат Эшатов.

Орус маалымат каражаттарынын жазышынча, ушул жылдын жай айларында Россияда дизель майынын баасы мезгил-мезгили менен тарыхый максимумга көтөрүлүп турган. Эксперт мындай тенденция Кыргызстандагы күйүүчү майдын баасына түздөн-түз таасирин тийгизерин белгиледи.

"Август айынын башынан бери Россияда бензин дагы, дизель майы да тоннасына 140 долларга кымбаттады. Бул жагдай Кыргызстанда да баалардын кымбатташына алып келиши мүмкүн. Бирок, азырынча жергиликтүү компаниялардын запастары бар. Ушуга байланыштуу, дагы эки жума бааларды кармай алабыз. Бирок кырдаал өзгөрбөсө, анда кыргыз компаниялары дизелдин да, бензиндин да баасын көтөрүшү керек", - дейт Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы.

Мындан тышкары окуңуз

Индия Кыргызстандагы долбоорлорду колдоо үчүн 126,6 млн сом грант бөлөт

Индия Кыргызстандагы долбоорлорду колдоо үчүн 126,6 млн сом грант бөлөт

Бүгүн, Экономика жана коммерция министрлигинде эки тараптуу меморандумга кол коюу аземи болду. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Биринчиси – Индиянын Тышкы иштер министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги ортосунда түзүлгөн "Бишкек шаарында Кыргыз экономикалык университети (КЭУ) үчүн IT Lab түзүү" долбоору.

Кант кызылчасы Кыргызстанда 85,9% жыйналды

Кант кызылчасы Кыргызстанда 85,9% жыйналды

Кыргызстанда учурда кант кызылчасы 85,9 пайыз жыйналып, 431,7 миң тонна продукция алынганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирген.  Анын айтымында, республика боюнча быйыл кант кызылчасы 13 миң 400 гектар жерге

Таласта граниттен курулуш таштары чыгарыла баштады

Таласта граниттен курулуш таштары чыгарыла баштады

Таластын Манас районундагы Арал айылынын Кайыңды карьеринен алынган таштар жергиликтүү ишкер Азат Кушубековдун ишканасында кайра иштетилип, курулуш материалдары чыгарылып жатканын УТРК тартып көрсөттү.  Ишкердин айтымында таштар алгач чоң-чоң көлөмдө ташылып келип, 2-3 сантиметр калыңдыкта тилинет. Андан соң ал күйгүзүлүп, жылмаланып 90Х80 жана 60Х30 өлчөмүндө кесилет.  Ишканасы ээсинин айтымында, кайра иштетилген

Аксыда 275 орундуу жаңы мектеп курула баштады

Аксыда 275 орундуу жаңы мектеп курула баштады

Аксы районуна караштуу Кербен шаарында 275 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш министлигинен маалымдашты. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылат. Объекттин баасы 188 миллион сомго бааланды. Жаңы мектеп заманбап үлгүдөгү эки кабаттуу окуу корпусунан жана спорт залынан турат. Мындан тышкары лаборатория, китепкана, дарыгердин кабинети