Казакстандагы бензиндин тартыштыгы Кыргызстандагы баага таасирин тийгизиши мүмкүн — Нефтетрейдерлер ассоциациясы

Казакстандагы бензин тартыштыгы Кыргызстандагы күйүүчү майдын баасына таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов билдирди.

Июль айынын ортолорунда Казакстандын Энергетика министрлиги жергиликтүү унаа ээлери АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин тартыштыгына дуушар болуп жатканын билдирген. Буга байланыштуу өлкө ай аягынан тарта Россиядан бензин импорттой турган болгон. Эшатов белгилегендей, Казакстанда мындай абал жыл сайын кайталанып келет.

"Казакстанда мунайды кайра иштетүүчү үч ири завод (Атырау, Павлодар жана Шымкент – ред.) бар. Алардын бирөөндө эле профилактикалык ремонт башталса, алар Россиядан бензин сатып ала баштайт", - деп түшүндүрдү ал.

Эксперттин айтымында, бензинге суроо-талап көбөйөрү менен россиялык заводдор бааны көтөрө башташат. Ошондон улам бул Кыргызстанга таасирин тийгизип, өлкөдө бензиндин кымбатташына алып келиши мүмкүн.

Казакстандын Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, өзү чыгарган бензиндин тартыштыгы боюнча кырдаал ушул жылдын октябрына чейин созулат. Дал ошондо Шымкент мунай заводунун ишканаларында АИ-95 чыгарыла баштайт.

Россияда бензин дагы, дизель да кымбаттады, бул Кыргызстандагы бааларга таасир этет — Нефтетрейдерлер ассоциациясы
Дүйнөлүк экономика кыш мезгилинин алдында дизелдик отундун рекорддук тартыштыгын баштан өткөрүп жатат. Талдоочулар азыркы запастардын көлөмү дүйнөлүк экономиканын муктаждыктарына жетпей калышы мүмкүн деп коңгуроо кагышууда. Кыргызстан үчүн бул тобокелдиктер күйүүчү майдын бардык түрлөрүнүн бааларыны…