Кыймылсыз мүлктү, сентябрдан тарта унааларды онлайн кайра каттоо башталат

Жыл аягына чейин кыймылсыз мүлктү, унааларды онлайн кайра каттоо башталат. Бул тууралуу президенттик администрациянын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев "Спутник" радиосуна берген маегинде билдирди.

Буржуев кыймылсыз мүлктү, унааларды кайра каттоо сыноодогу долбоор экенин, кыргызстандык адистер долбоорду ишке ашырууда эл аралык стандарттарга жооп берген технологияларды колдонуп, коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулаарын белгиледи.

"Өлкөдө 1-сентябрдан тарта унааны онлайн кайра каттоо мүмкүнчүлүгү ачылат. Ал сынамык долбоор катары бир жылга созулуп, иш жүзүндө аткарылышына байкоо жүргүзүлөт. Ушул эле системанын негизинде жыл аягына чейин кыймылсыз мүлктү да онлайн кайра каттоо башталат. Батирди, үйдү алып-сатуу процесстери жеңилдетилип, санариптик кызмат көрсөтүүлөрдүн негизинде ишке ашат", — деди Буржуев.

Ошондой эле ал бул кызматтарды колдонууда бир катар кыйынчылыктар да жараларын, ал үчүн жарандардын санариптик сабаттуулугун жогорулатууга көңүл буруу кажеттигин кошумчалады.

Унаа, турак жай жана жер салыгын төлөбөгөндөргө айып пул салынат
Сентябрдан тарта унаа, турак жай жана жер салыгын төлөбөгөндөргө айып салынат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, МСК жакын арада салык төлөбөндөрдү табуу жана айып салуу боюнча иш-чараларды жүргүзө баштайт. ”Мыйзамга ылайык, салык милдеттенмесинин негизги сум…