Унаа, турак жай жана жер салыгын төлөбөгөндөргө айып пул салынат

Унаа, турак жай жана жер салыгын төлөбөгөндөргө айып пул салынат

Сентябрдан тарта унаа, турак жай жана жер салыгын төлөбөгөндөргө айып салынат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, МСК жакын арада салык төлөбөндөрдү табуу жана айып салуу боюнча иш-чараларды жүргүзө баштайт.

"Мыйзамга ылайык, салык милдеттенмесинин негизги суммасынан тышкары, салыкты мөөнөтүндө төлөөгө жетишпей калган транспорттун, турак жайдын жана жердин ээлери административдик айып акы, ошондой эле мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн туум төлөөгө аргасыз болушат", - дейт мекеме.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-сентябрына чейин транспорт, турак үй, батир жана үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салыкты төлөө зарыл.

Салыктарды өз убагында төлөбөгөн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом административдик айып салынат. Туум күн сайын салыктын суммасынын 0.09% өлчөмүндө эсептелет.

Кеңири маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Эттин баасы: жайыттагы малдын эти бордоп семиртилгенден канчалык айырмаланат

Эттин баасы: жайыттагы малдын эти бордоп семиртилгенден канчалык айырмаланат

Бордоп семиртилген малдын этинин өздүк наркы жайыттагы малга караганда дээрлик 3 эсеге жогору. Кыргызстанда эттин чекене баасына малды багуу технологиясы, тоюттун наркы, салмак кошуу көрсөткүчү, ветеринардык тейлөө, транспорт жана башка чыгымдар түздөн-түз таасир этет. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин эсептөөлөрүнө ылайык, бордоп семиртүү шартында

Ишкер Media
Нарында топурак-агрохимиялык лаборатория ачылды

Нарында топурак-агрохимиялык лаборатория ачылды

Бүгүн Нарын облусунда жаңы топурак-агрохимиялык лаборатория ишке берилди. Бул тууралуу президенттин Нарыноблусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалым болгондой, ал Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Нарын лабораториясынын алдында ачылды. Ачылышка департаменттин директору Максат Кочеров, президенттин Нарындагы өкүлчүлүгүнүн агрардык бөлүм башчысы Кыялбек Абакиров жана жергиликтүү дыйкандар катышты. Жаңы лаборатория

Ишкер Media
Нурдан Орунтаев Ош аэропортунун жаңы аэробекетинин курулушун текшерди

Нурдан Орунтаев Ош аэропортунун жаңы аэробекетинин курулушун текшерди

Курулуш министри Нурдан Орунтаев Ош шаарына болгон иш сапарында Ош эл аралык аэропортунун жаңы аэробекет комплексинин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, курулушка 2025-жылдын 14-февралында президент Садыр Жапаров капсула салган. Долбоордун аянты 25 443 чарчы метр, 6 корпустуу эки кабат жана жер

Ишкер Media
Бишкекте мамлекеттик кызматтар боюнча мыйзам долбоорлору талкууланды

Бишкекте мамлекеттик кызматтар боюнча мыйзам долбоорлору талкууланды

28-сентябрда Бишкекте мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар чөйрөсүндөгү мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору боюнча тегерек стол өттү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага мамлекеттик органдардын, Бишкек мэриясынын, Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун жана эксперттердин өкүлдөрү катышты. Жыйынды Экономика министрлиги жана Швейцария Өкмөтү каржылаган, ХЕЛЬВЕТАС уюштурган "Жергиликтүү деңгээлдеги кызматтарды

Ишкер Media