Улуу Британиянын ТИМинин санкциялар боюнча дирекциясы КРнын ал жактагы элчисин өзүнө чакырды

Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин санкциялар боюнча дирекциясынын жетекчиси Дэвид Рид өткөн аптада Лондондо Кыргызстандын элчиси Улан Жусупов менен жолугушту. Бул тууралуу Британиянын КРдагы элчилиги билдирди.

Элчилик конструктивдүү сүйлөшүү болуп, анда Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы мамилелердин маанилүүлүгү, Улуу Британиянын Россияга каршы санкциялары жана айтылган чектөөлөрдү айланып өтүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматташуу талкууланганын кабарлашты.

"Бул жолугушуу Дэвид Риддин апрель айында Кыргызстанга жасаган иш сапарынан кийин болду. Кыргызстанда ал өлкөнүн өкмөтү жана жергиликтүү ишкерлер менен санкциялардын сакталышын талкуулаган. Бул маселе боюнча жумушчу байланыштар уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Улуу Британия Кыргызстанга кирген импорттук товарлардын кескин көбөйүшүнө жана республиканын Россияга каршы санкцияларды айланып өтүүгө жардам берип жатканына тынчсыздануусун билдирген болчу. Анткени британиялык ЖМКлардын маалыматына караганда, Улуу Британиядан "Кремлдин жакын өнөктөшү" болгон Кыргызстанга экспорт Россиянын Украинага чабуулу башталгандан кийин дароо өсө баштаган.

"Улуу Британиянын Кыргызстанга жөнөткөн товарларынын экспорту 2022-2023-жылдары 4000%дан ашык өскөн, ал эми кызмат көрсөтүүлөрдү кошкондо өлкөгө экспорттун жалпы көлөмү эки эседен ашык өскөн. Ошол эле мезгилде Кыргызстандын Россияга экспорту дагы эки эсеге көбөйүп, батыш товарлары андан ары Россияга экспорттоо үчүн КРга киргизилип жатат деген кооптонууну жаратты", деп айтылат маалыматта.

Лондон Бишкекти Россияга карата киргизилген санкцияларды бузду деп шектенүүдө — ЖМК